Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Ош шаарынын мыкты окуучулары сыйланды


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мыкты окуучуларды сыйлады. 2020-жылдын 7-августу.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мыкты окуучуларды сыйлады. 2020-жылдын 7-августу.

Бүгүн Ош шаарында мектептин алдыңкы окуучулары сыйланды. 2019-2020-окуу жылында мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн олимпиадада биринчи орун алгандарды жана жалпы республикалык тесттен алтын сертификат алгандарды калаа мэри Таалайбек Сарыбашов куттуктады.

Өз сөзүндө шаар мэри жалпы жыйынтык канааттандырарлык болбой жатканын айтты:

«Билим берүү тармагына көңүл бурабыз. Жаңы мектептерди куруп жатабыз. Окуучулардын билим деңгээли канааттандырарлык болбой калгандыктан шаардык билим берүү башчысын алмаштырдык».

Жалпысынан 26 окуучу сыйланды. Аларга чөнтөк телефондор жана ноутбуктар тапшырылды. Ишинде жакшы натыйжа көрсөтө алган мугалимдер да сыйланды. Аларга акчалай сыйлыктар берилди.

Ош шаарында 60тай мектеп бар. Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу кезектеги окуу жылы аралыктан жыйынтыкталды. Республиканын бардык аймактарынын мыкты окуучуларын жакында президент Сооронбай Жээнбеков да куттуктаган. (DU)

XS
SM
MD
LG