Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

Түрк дүйнөсүндөгү улуттардын адабияты талдоого алынды


Китеп Түркияда жарык көрдү.
Китеп Түркияда жарык көрдү.

Евразия жазуучулар биримдигинин «Бенгү» басмаканасында «Улуттук рух жана анын адабиятка тийгизген таасири» аттуу китеп басылып чыкты.

Китепте Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын жарым кылымдык адабий тажрыйбасы талдоого алынган. Авторлору - жазуучулар Орхан Сөйлемез жана Өмер Фарук Атеш.

Баш кеңсеси Түркияда жайгашкан Евразия жазуучулар биримдигинин башкы директору Якуп Өмүроглу китеп тууралуу буларды айтты:

«Бул китеп окурманды СССР тарагандан кийин эгемендикке жеткен беш өлкөнүн жарым кылымдык адабий тажрыйбасы менен тааныштырып, маалымат бериш үчүн жазылган. Китептин ар бир бөлүмүндө кесипкөй академиктер эгемендик алгандан кийинки адабияттагы бурулуштарга көңүл буруп, эркин ой жүгүртүүнүн жана улуттук салттын ага тийгизген таасири тууралуу пикирин жазышкан. Максат - эгемендик алган түрк элдеринин адабиятын окурманга таанытуу».

Евразия жазуучулар биримдиги түрк дүйнөсүнө кирген улуттардын адабиятын колдош үчүн түзүлгөн. Буга чейин уюм жазуучу Кеңеш Жусуповдун «Тоолор менин жүрөгүмдө» китебин, Арслан Капай уулунун «Мисмилдирик» романын түрк тилине которуп, басып чыгарган. (MSd)

XS
SM
MD
LG