Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Түрк авиакомпаниялары Кыргызстанга аптасына бир нече жолу учат


«Манас» аэропорту.
«Манас» аэропорту.

Түрк авиакомпаниялары Кыргызстанга аптасына бир канча жолу учат.
Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги кабарлады. Маалыматта 7-августтан тартып түркиялык үч авиакомпания туруктуу аба каттамдарын жандандырары жазылган.

Алар «Авиа Траффик» авиакомпаниясы Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына эки жолу, Бишкек-Анталья-Бишкек багыты боюнча жумасына бир жолу, «Turkish Airlines» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына эки жолу, «Pegasus» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына эки жолу учары маалым болду.

Буга чейин Стамбул-Бишкек каттамы боюнча учакка Кыргызстандын жарандары, Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломаттар, Кыргызстанда эмгек визасы болгон чет өлкөлүктөр, кыргызстандык менен расмий никеде турган чет өлкөлүктөр жана туугандары, жүк ташуучулар жана учкучтар гана алынары кабарланган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан март айынан тартып чек араларын жаап, эл аралык каттамдарды токтоткон.
Пандемия башталгандан бери, март-июнь аралыгында Түркиядан Кыргызстанга бир канча чартердик каттам уюштурулган. Эки миңден ашуун жаран мекенине кайтарылган. (ElB)

XS
SM
MD
LG