Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:21

Профессор, микрохирург Мырзабек Матеев пневмониядан каза болду


Муса Матеев.
Муса Матеев.

Кыргызстанда профессор, микрохирург Мырзабек Матеев пневмониядан кайтыш болгонун Улуттук госпитал билдирди.

Мырзабек Матеев 1959-жылы Кара-Балта шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктагандан кийин эмгек жолун ооруканаларда иштеп баштаган.

1994-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Улуттук госпиталда эмгектенип, пластикалык микрохирургия бөлүмүн жетектеген. Кыргыз-орус славян университетинин хирургия кафедрасынын профессору. Эл аралык маанидеги сертификаттардын ээси.

Кыргызстанда өпкөнү сезгентүүчү коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 70тен ашык медицина кызматкеринин өмүрүн алды.

Расмий маалыматка караганда, ушул кезге чейин республика боюнча COVID-19 диагнозун 2938 медкызматкер жугузуп алды, алардын 2097си айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG