Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:00

Беларус: Алдын ала шайлоого шайлоочулардын 32% ашыгы келди  


 Беларустагы бийликке каршы акция. 8-август, 2020-жыл.
Беларустагы бийликке каршы акция. 8-август, 2020-жыл.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы төрт күндүк алдын ала шайлоого шайлоочулардын 32,24% пайызы катышканын жарыялады.

Маалыматка караганда, алдын ала шайлоодо добуш берген шайлоочулар 6 834 081 кишини түздү.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы байланыш жана маалыматташтыруу министрине кайрылып, добуштарды эсептеген "Голос" көз карандысыз сайтынын ишин чектөөгө чакырды. Буга чейин президент Александр Лукашенко сайттын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу керектигин айткан. Боршайкомдун төрайымы добуштарды көз карандысыз саноо демилгесин "зыяндуу жана кылмыштуу долбоор" деп атаган.

Көз карандысыз байкоочулар Беларуста алдын ала шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун бир нече жолу билдиришти.

Шайлоо комиссияларынын кызматкерлери байкоочулар менен журналисттерди добушканалардан кууп, бюллетень салынган үкөктөр түнү бою кайтаруусуз калган фактылар болгону маалымдалган.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Боршайком беш талапкерди каттоодон өткөрдү. Алардын арасында өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко да бар.

XS
SM
MD
LG