Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 вирусу 332 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды.
Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда, бир күн ичинде вирус жаңы аныкталгандардын 108и Бишкекте катталды.
Ош облусунда - 47, Баткен облусунда - 37, Жалал-Абад облусунда – 33, Чүй облусунда – 31, Ош шаарында – 27, Ысык-Көл облусу – 25, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда тогуз учур катталды.
Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет жугузуп алгандар 39919 адамга жетти.