Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Штаб: Сырттан келгендерден анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт


14-июнда Москва-Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген жарандар. 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штаб 9-августта Кыргызстандын аэропортторуна башка мамлекеттерден кайткан жарандар үчүн өзгөртүлгөн алгоритм тууралуу маалымат берди.

Штабдын билдирүүсү боюнча вирус өлкө ичинде көбөйүп, сырттан келген жарандардан аныкталган учурлар аз болуп жаткандыгына байланыштуу, алар үчүн алгоритм өзгөргөн. Жарандар келгенден кийин алардан ПЧР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт.

Алар анкета толтурушат, телефондоруна атайын мобилдик тиркеме көчүрүү сунушталып, үйүнө жиберилет.

Эгерде коронавирустун жана сасык тумоонун белгилери пайда болсо, жашаган жери боюнча дарыгерлерге кайрылуу тууралуу сунуш берилип жатат.

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл мартта бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдөгү миңдеген кыргызстандыктар бийликтен Кыргызстанга алып кетүүнү суранып жатышат. Алардын көбү Орусияда жашап-иштеген мигранттар. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG