Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Лукашенко: Эч ким репрессияга учураган жок


Александр Лукашенко. 9-август, 2020-жыл.
Александр Лукашенко. 9-август, 2020-жыл.

Беларустун учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттер менен маектешти. «Мыйзамды бузуп эч ким эч кандай репрессия кылган жок жана кылбайт. Мыйзамды сактагыла. Мыйзам, бир гана мыйзам!» деп айтканын БелТА агенттиги жазды.

Ал ошондой эле эл аралык байкоочулар азыр деле жакшы баа бербей турганын белгиледи. «Бизди алар "Азаматсыңар, беларустар!" деп айтат деп күтпөш керек. Саясат – бул күрөш» деген Лукашенко өз элинин кызыкчылыгына карап иш кылып атканы белгиледи. Буга чейин эл аралык байкоочулар өлкөдөгү шайлоолорго таза жана калыс өттү деп баа беришкен эмес.

Лукашенко бул жолку шайлоо өзү үчүн «бирден-бир татаал» экенин моюнга алды. Оппозициянын жыйындарына миңдеген, түмөндөгөн адам катышып, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып келишти.

Быйыл президенттик шайлоо өнөктүгү башталганы Беларустагы укук коргоочулар 24 кишини саясий туткун деп таанышкан. Алардын арасында талапкер болууну көздөгөн оппозициячылар Виктор Бабарико менен Сергей Тихановский да бар. Үгүт өнөктүгү учурунда 700 ашуун адам кармалганын укук коргоочулар эсептеп чыгышкан.

9-августта Беларуста президенттик шайлоо өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди талапкерликке каттаган.

XS
SM
MD
LG