Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Филология илимдеринин доктору Үсөнбек Асаналиев дүйнөдөн кайтты


Үсөнбек Асаналиев.
Үсөнбек Асаналиев.

Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын Улуттук жазуучулар бирикмесинин жана Журналисттер бирикмесинин мүчөсү Үсөнбек Асаналиев 88 жашында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул туралуу «Азаттыкка» акын Мусакун Сатыбалдиев билдирди.

Үсөнбек Асаналиев 1932-жылы 14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Даркан айылында төрөлгөн. 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Ал бир катар илимий эмгектердин, китептердин автору. Ошондой эле «Кең-Каркыра», «Карамолдону эскерүү», «Кашка-Суу», «Сагыныч», «Өмүр» аттуу күүлөрдү чыгарган. Үсөнбек Асаналиев төрт уул, үч кызды тарбиялады.

Маркумдун сөөгү 10-августта өзү туулуп-өскөн Даркан айылына коюлат. (MSd)

XS
SM
MD
LG