Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 14:09

Беларус БШКсы шайлоону өттү деп эсептеди


Лидия Ермошина.

9-августта түштөн кийин Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Лидия Ермошина добушканага шайлоочулардын 54% келгенин жарыялады. Бул шайлоо өттү дегенди билдирет.

Анын айтымында, Минскиден башка бардык аймактарда катышуу көрсөткүчү 50% жогору. БШК төрайымы бул эсепти күн мурунтан башталган добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кошууда.

Ермошина Минскидеги шайлоо тилкелеринде кезек көбөйгөнүн, өз алдынча байкоочулардан арыздар түшүп жатканын белгиледи.

Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан 65 жаштагы Александр Лукашенко бул жолу да шайлоого катышууда. Анын негизги атаандашы - үй кожейкеси Светлана Тихановская. Ал күйөөсү, оппозициячыл саясатчы Сергей Тихановскийди талапкер болууга жеткирбей бийлик камап салгандан кийин саясатка барууну чечкен.

XS
SM
MD
LG