Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Иранда өзгөчө абал 2021-жылга чейин сакталат


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани коронавирус пандемиясынан улам киргизилген өзгөчө абал бери дегенде 2021-жылдын февралына чейин алынбай турганын билдирди.

«Алты айдан бери ушундай абалда турабыз. Биз жок дегенде дагы алты айга даяр турушубуз керек», - деди президент 9-августтагы билдирүүсүндө.

Иранда коронавируска байланыштуу чектөөлөөр акыркы эки айда кыйла жумшартылган. Натыйжада сактануу чараларына көп көңүл бурулбай, илдетке чалдыккандар көбөйүп, күнүнө 200 чамалуу адам көз жумууда.

Расмий маалымат боюнча Иранда жалпы 320 миң киши коронавирус жугузганы аныкталып, алардын 18 миңи көз жумган. Бирок чыныгы сан бул көрсөткүчтөн кыйла көп экени белгиленип келет. Би-Би-Синин перс кызматы тааныша алган өкмөттүк ички документтерге ылайык, өлкөдө коронавирустан 42 миң адам өлгөн, жалпысынан бул оору 451 миң адамга жуккан.

XS
SM
MD
LG