Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Экзит-пол Лукашенко жеңгенин көрсөтүүдө


Александр Лукашенко добуш берип жаткан учур. 9-август, 2020-жыл.
Александр Лукашенко добуш берип жаткан учур. 9-август, 2020-жыл.

Беларуста улуттук экзит-полдун жыйынтыгы азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко президенттик шайлоодо жеңгенин көрсөтүүдө. Бул тууралуу 9-августтун кечинде мамлекеттик «Беларус 1» телеканалы кабарлады.

Добушканадан чыккандарды сурамжылоо менен түзүлгөн жыйынтыкка ылайык, Лукашенко 79,7%, ал эми Светлана Тихановская 6,8% добуш алган. Ал эми калган үч талапкер биригип 4% көбүрөөк добуш жыйнашкан. Баарына каршы болгондор 9,2% түзгөн.

Жергиликтүү убакыт боюнча 18:00гө карата добуш бергендер  79% болгон.

Экзит-пол өлкө боюнча 320 тилкеде жүргүзүлүп, добуш берип чыккандар сурамжылоого анонимдүү түрдө катышып, кимди шайлаганын айтып беришкен.

Ал эми баштапкы маалымат боюнча чет өлкөлөрдөгү жарандардын 71% Тихановскаяга добуш беришкенин «Азаттыктын» беларус кызматы жазды.

 

 

 

XS
SM
MD
LG