Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Москвадан Бишкекке 420 кыргызстандык келди


Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак. 16-июль, 2020-жыл.
Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак. 16-июль, 2020-жыл.

Москва-Бишкек каттамындагы чартердик учак менен 9-августта 420 кыргызстандык кайтып келди. Арасында кош бойлуу, балалуу кыз-келиндер, оорукчан жана улгайган адамдар, мекенине чукул арада кайтышы зарыл болгон адамдар бар. Ошондой эле бул учак менен Орусиянын окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер да кайтып келишти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан 20 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 80ге жакын авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

2019-жылдагы расмий маалыматка караганда, Орусияда бир миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG