Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

Адвокат: Текебаев сотко катышат


Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана адвокат Таалайгүл Токтакунова сот залында. Архивдик сүрөт.
Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана адвокат Таалайгүл Токтакунова сот залында. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланат. Жараянга Өмүрбек Текебаев катышарын «Азаттыкка» адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди:

«10-августта Текебаевдин оорудан кийинки 14 күндүк обочолонуусу аяктайт. Ошого байланыштуу ал сотко катышат».

5-августка белгиленген сот отуруму Текебаевдин оорусуна байланыштуу маалымат берүүгө чакыртылган дарыгер келбегендиктен болгон эмес. Прокурорлор соттон жараянга Текебаевди дарылаган дарыгерди чакырууну өтүнүшкөн эле. 3-августтагы отурумда Текебаевди караган дарыгер «кызыл зонада» иштеп жатканы, сотко келе албай тургандыгы айтылган. Башкы прокуратуранын өкүлү анда Текебаевдин өзүн мажбурлап алып келүүнү соттон суранган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери пневмониядан дарыланып эки жума ооруканага жатып чыкканын, дагы эки жума үй режиминде дарыланып, андан кийин обсервацияда болушу керек экенин 29-июлда билдирген. Токтакунова 14 күндүк мөөнөт 10-августта аяктай турганын, ага чейин Текебаевди сот залына алып келүү жараяндын башка катышуучуларынын ден соолугуна кооптуу экенин айтып, прокуратуранын жүйөсүнө каршы чыккан.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш райондук сотто кайра каралууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG