Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Минскиде эл менен ОМОН кагылышты


Полиция демонстранттарга каршы жаш агызуучу газ колдонду. Минск. Беларус. 9-август, 2020-жыл.
Полиция демонстранттарга каршы жаш агызуучу газ колдонду. Минск. Беларус. 9-август, 2020-жыл.

Беларустагы президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болуп миңдеген адамдар көчөгө чыгып, түнү бою күч түзүмдөрү менен кагылышуу болду. Натыйжада ондогон адам кармалды. Кагылышууда оор жаракат алгандар да бар. Өлкөдө 9-августта Интернет өчүрүлгөндүктөн, маалымат каражаттарынын иши үзгүлтүккө учурады. Бул түнү негизги маалымат «Телеграм» каналынан алынды. Көчөдө жүргөн окуянын күбөлөрү видеолорун улам ошол канал аркылуу таратып жатышат.

Минскинин көчөлөрүндө ОМОНдун жүздөгөн соот кийимчен, калканчан жоокерлери демонстранттарга каршы тынбай кулак тундурган граната жардырууда. Аларды суу бүрккөн автоунаа коштоп жүрөт. Интернетке тараган видеолордон өрт өчүрүүчү автоунааны да көрүүгө болот. Жергиликтүү убакыт боюнча 22:55те «Азаттыктын» беларус кызматы жүздөгөн адамдар борборго чогулганын, шаар борборунун ири бөлүгү блоктолгонун, ОМОН жаш агызчу граната колдонуп, демонстранттарды аёосуз уруп жатканын маалымдады. Ондогон адамдар, алардын арасында жөн гана өтүп бараткандар кармалганы, адамдар «Ишен! Колдон келет! Жеңели!» деп кыйкырып жатышканы кабарланды. Минскинин борборуна «Тез жардам» автоунаалары көп келип жатканын күбөлөргө таянып, «Интерфакс» агенттиги жазды.

«Азаттыктын» беларус кызматынын кабарчысы Минскинин борборундагы Стелланын жанындагы адамдарды ОМОН кууп, кулак тундурган гранаталарды жардырганын билдирди.

#МотолкоПомоги телеграм каналы Минскиде жабыркагандарга жети «Тез жардам» машинеси баратканын жазды.

Беларустун азыркы башчысы Александр Лукашенко президенттик шайлоодо мамлекеттик экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык добуштардын 79,7% алды. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги билдирди. Оппозициянын негизги талапкери болгон Светлана Тихановская сурамжылоо боюнча добуштардын 6,8% гана ээ болгону кабарланды.

Беларустагы бул жолку шайлоо мурдагылардан кескин айырмаланып, оппозициялык маанай күч алып, калайман каршылык акциялары көбөйгөн маалда өттү.

XS
SM
MD
LG