Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетүүгө арыз бергенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал бул кызматка 2016-жылы келген. Иманалиев ага чейин сөз болуп жаткан райондун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген.
Ал кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы боюнча комментарий берип жатып, Ысык-Көл районунда коронавируска байланыштуу кырдаал турукташып калганын жана өзү күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин айтты.
8-августта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев да парламенттик шайлоого катышарын айтып, кызматын тапшырган.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (KS/BTo)