Бул тууралуу Орусиянын Финансы министрлигинин расмий сайтында жазылды. Андагы маалымат боюнча, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан алынып жаткан 100 млн. доллар насыя Кыргызстандын бюджетин колдоого жана пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюуга жумшалат.
Кыргызстандын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын 30-июнуна карата өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы төрт млрд. 773,92 млн. долларды түздү. Мунун 86% тышкы карыз – төрт млрд. 106,72 млн. доллар. Ошондой эле 14% ички карыз – 667,21 млн. доллар.
Кыргыз өкмөтү быйыл коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы колдоого жана бюджеттин дефицитин жабууга чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алып жатат. Мунун басымдуу бөлүгү насыя жана анын жарымынан көбү ушул күнгө дейре кыргыз бийлигинин колуна тийди. (BTo)