Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Шайлоо 2020: «Кыргызстан» өз катарына эки саясатчыны кошту


«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев жана депутат Талант Мамытов.
«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев жана депутат Талант Мамытов.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Талант Мамытов менен мурдагы вице-премьер-министр, «Учкун» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Даир Кенекеев «Кыргызстан» партиясынын катарына өттү. Аларга партиялык билеттер 10-августта тапшырылганын партиянын катчылыгы кабарлады.

Парламенттик шайлоо алдында курамын жаңылап жаткандыгы тууралуу башка партиялар да буга чейин кабарлаган.

Маселен, «Жаңы дем» саясий альянсына бириккен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, ишкер Тилек Токтагазиев баштаган саясатчылар шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу астында барууну көздөшүүдө.

Фракциясы Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген «Бир Бол» партиясы бул ирет шайлоого өңчөй жаштар менен баратканын жарыялаган.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы Өмүрбек Суваналиев, Исхак Масалиев, Зияш Жамалдинов, Ишенбай Кадырбеков, Турсунбай Бакир уулу, Ташполот Балтабаев, Жеңишбек Байгуттиев сыяктуу белгилүү коомдук-саясий ишмерлер менен биригип жатканын өткөн жумада кабарлады.

Катарын иргеп, курамынан депутаттар Табылды Тиллаевди, Бактыбек Раимкуловду жана Тариел Жоробековду чыгарганын, келерки парламенттик шайлоого Жыргалбек Турускулов, Марлен Маматалиев өңдүү саясатчылар менен баратканын «Республика» саясий партиясы маалымдады.

Мыйзам боюнча шайлоого катышуу ниети бар саясий партиялар 20-августка чейин жыйынын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек.

Азырынча бир да саясий партия жыйын өткөргөнү тууралуу маалымат тарата элек. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 партия билдирди.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG