Мигранттарга онлайн кеңештер социалдык тармактардагы атайын баракчалар аркылуу берилет.
«Фейсбукта» «Салам мигрант» жана «Инстраграмда» (@salammigrantkg баракчалары аркылуу туруктуу иштейт. Кеңештер кыргыз жана орус тилдеринде берилет. Анда миграцияга аттануучулар өздөрү бара турган өлкөлөрдөгү пандемиялык кырдаал, жаңы миграциялык эрежелер, жоболор жана башка укуктук суроолорго жооп ала алышат.
Ошондой эле, «Telegram» платформасында атайын чат-бот иштелип чыгат, ал жерден мигранттар суроолоруна ыкчам жооп алса болот.
Мындан тышкары, COVID-19 оорусунан улам психологиялык жактан кыйналган мигранттар психологдун кеп-кеңешин алса болот.
Долбоорду «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси USAIDдин «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» долбоорунун алкагында ишке ашырмакчы.
Коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанга чет мамлекеттерден 25 миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтып келди. Алардын басымдуу бөлүгү эмгек мигранттары. (ZKo)