Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Екатеринбургдан кыргызстандык жарандар келди


14-июнда Москва-Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген жарандар.
14-июнда Москва-Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген жарандар.

Екатеринбург-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 10-август күнү 183 кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди. Келгендердин арасында балдар, мекенине кайтууга муктаж жарандар, улгайган жана оорукчан адамдар бар. Алардан тышкары Орусиянын Урал, Сибирь аймактарындагы окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер да келишти.

Учакка билет Урал аймагындагы кыргызстандык диаспора өкүлдөрүнөн, консулдук кызматкерлерден турган комиссиянын бүтүмүнө ылайык сатылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанга чет мамлекеттерден 200дөн ашык чартердик рейстер каттады. Бул каттамдар менен чет жактардагы 25 миңден ашуун кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди. Учурда чартердик каттамдарды уюштуруу иштери уланып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG