Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Бишкекте дагы үч стационар ишин токтотту


Мурдагы «Ганси» авиабазасында ачылган оорукананын реанимация бөлүмү. Июль, 2020-жыл.
Мурдагы «Ганси» авиабазасында ачылган оорукананын реанимация бөлүмү. Июль, 2020-жыл.

Баш калаанын мэриясынын маалыматына караганда, күндүзгү стационарларга кайрылган жарандар азаюуда. Акыркы суткада борбор шаардагы күндүзгү стационарларга күндүз 733, түнкүсүн 42 адам кайрылган.

Буга байланыштуу Аламүдүн-1 кичирайонундагы №38 орто мектепте, ДСК спорткомплексинде жана «Консул» ресторанында ачылган стационарлар жабылды. Ал эми №12 кичирайондо муниципалдык наабайканага жайгашкан стационар күнү-түнү иштей турган болду.

Жабылган стационарлардагы бардык медициналык жабдуулар, керебеттер жана башка эмеректер зыянсыздандырылып, сактоого коюлду.

Бишкектеги күндүзгү стационарларга бир айдын ичинде 97 891 адам кайрылып, түрдүү медициналык жардам алышкан. 503 адам жатып, дарыланып чыкты.

Коронавирус июнь-июль айларында күчөп, ооруканаларда орун жетишпегени үчүн ыктыярчылардын демилгеси менен күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылган.

Бишкекте спорт комплекстеринде, мейманканаларда жалпысынан 13 стационар түзүлгөн. Эпидемиологиялык кырдаал турукташканына байланыштуу өткөн жумада «Туңгуч» жана «Жал» кичирайондорундагы эки күндүзгү стационар, Кара-Жыгач жаңы конушундагы «Салтанат» тойканасындагы түнкү убактылуу дарылоочу жай жабылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG