Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Беларуста металл иштетүүчү заводдун жумушчулары иш таштады


Металлургия заводу. Беларус.
Металлургия заводу. Беларус.

Жлобин шаарындагы заводдун айрым цехтери дүйшөмбүдө иш таштап, алар менен ишкананын жетекчилиги сүйлөштү.

«Азаттыктын» беларус кызматы маалымдагандай, алар «таза шайлоо өткөрүү» жөнүндө да талап коюп жатышат. Металл иштетүүчү завод - Беларустагы эң ири ишканалардын бири. Анда 11 миң адам иштейт.

«NEXTA Телеграм» каналында элди 11-августта шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, көчөгө чыгууга чакырыктар пайда болду.

Азыркы президент Александр Лукашенконун шайлоодо жеңишке жетишкени тууралуу кабар миңдеген беларустардын нааразылыгын жаратып, көчөгө чыгарды.

Беларус полициясы үч миңден ашуун адам кармалганын билдирди.

Дүйшөмбү күнү Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы президент Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодо добуштардын 80,23% алганын билдирди. Расмий маалымат боюнча, Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% добуш топтоду.

Бирок Тихановская шайлоонун расмий жыйынтыгы бурмаланганын, көпчүлүк добушканалардан чогултулган протоколдордун негизинде өзүн жеңүүчү деп эсептей турганын айтты.

XS
SM
MD
LG