Түркмөнстанда диний ишенимдеринен улам армияда кызмат өтөөдөн баш тарткан эки бир тууган соттолду. Бул тууралуу «Иегово күбөлөрү» уюмунун басма сөз катчысы Жаррод Лопес «Азаттыктын» түркмөн кызматына билдирди. Анын айтымында, түркмөн соту 6-августта 21 жаштагы Элдор Сабуров менен 25 жаштагы Санжарбек Сабуровду эркинен ажыраткан.
Диний уюмдун маалыматына караганда, Санжарбек Сабуров армияга 2016-жылы чакырылган. Анда ал колуна курал алып аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн эки жылга соттолгон. Иниси Элдор да армияга баруудан баш тартып, эки жыл түзөтүү жумуштарын аткарууга милдеттендирилген.
«Бир тууган Сабуровдор «Иегово күбөлөрүнүн» буга чейин соттолгон мүчөлөрүндөй эле мамлекеттин алдындагы милдеттеринен баш тарткан жок. Болгону аларга альтернативалуу жарандык кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүп жатышат. Бирок түркмөн бийлиги мындай шарт түзүп берүүдөн баш тартып, аларды түрмөгө камоодо», - деди Жаррод Лопес. Анын айтымында, ушу тапта Түркмөнстанда диний көз карашына байланыштуу он жаран камакта отурат.
Бирок айрым жергиликтүү эксперттер өлкөдө диний ишенимине байланыштуу камакка алынгандар көп экенин айтып келишет.
Ал ортодо «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн директору Рейчел Денбер «түркмөн бийлиги бир тууган Сабуровдорго коюлган айыптарды чакыртып алып, аларды тез арада бошотушу керек» экенин билдирди.