Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Абитуриент-2020: гранттык жана контракттык бош орундарга кошумча сынак башталды


Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын бири.
Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын бири.

Жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуунун III турунда (3-5-август) «Абитуриент Online» (https://2020.edu.gov.kg/) системасына 7 701 талон түштү. Анын 2 678и бюджеттик орундарга берилсе, 5 023 талон келишимдик негизде билим алууга бөлүнгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги III турдун жыйынтыгы менен 3 952 абитуриент жогорку окуу жайына кабыл алынганын билдирди. Анын 766сы бюджеттик негизде, 3 186ы келишимдик негизде билим алат.

III турда системага жалпы 53 012 талон катталып, жогорку окуу жайларында окуй тургандыгын 21 795 абитуриент тастыктады. Алардын 4 266ы гранттык, 17 529у контракттык негизде окушат.

11-августтан баштап жогорку окуу жайлары бош калган орундарга абитуриенттерди кабыл ала баштады.

Гранттык бош орундарга өтүнмөлөр 11-августтан тартып, 13-август, саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Контракттык бош орундарга өтүнмөлөр 11-августтан 18-август, саат 14:00гө чейин кабыл алынат. (BTo)

XS
SM
MD
LG