Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Үч айда карантин жана үй-бүлөлүк мамилелер боюнча юристтен кеңеш сурагандар көп болду


Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, быйыл майда түзүлгөн 112 ыкчам байланышына үч айдын ичинде 614 жаран акысыз юридикалык кеңеш сурап кайрылды.

Алардын көбү же 231и ошол кездеги карантин тартиби тууралуу болсо, 94ү үй-бүлөлүк укуктук мамилелерге байланыштуу. Ошондой эле жарандар эмгек укуктарын коргоо, жарандык укуктук мамилелер, үй-бүлөлүк зомбулук, социалдык коргоо, документтештирүү боюнча юристтерден кеңеш алышты.

Кеңири укуктук жардам керек болгондуктан, 115 адам башка жактарга жиберилген. Алардын 56сына Юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборго кайрылуу сунуш кылынган.

Түз байланышта 2020-жылдын 1-майынан 31-июлуна чейин «Жаӊы чечимдер» компаниясынын юристтери БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен иштеди. (NT)

XS
SM
MD
LG