Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Бишкек мэриясы санитардык талаптарды бузгандарга 80 миң сом айып салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы соңку 10 күндө санитардык талаптарды бузуп, массалык иш-чараларды өткөргөн ишкерлерге 80 миң сомго 20 протокол түздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме жакында эле Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан «Нур-Суфра» тойканасынын администрациясы санитардык эрежелерди сактабай куран окутуу өткөрүп жатканы аныкталганын кабарлады.

Дем алыш күндөрү ушундай эле тартип бузуу «Улуу-Тоо» чайханасында, «Главпивтрест» кафесинде да аныкталды. Андан тышкары компьютердик жана бильярд клубдарында да эреже сакталбаган учурлар катталды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу өлкөдө көп адам катышкан массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген.

11-августка карата Кыргызстанда COVID-19 илдети 40 455 адамга жукту, анын ичинен 32 764ү айыкты жана 1 478 киши каза болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG