Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Ошто күйдүргү чыккан айылга карантин жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылынын сегиз тургуну күйдүргүгө (Сибирь жарасы) кабылган деген шек менен ооруканага түштү. Учурда айыл 4-августтан 18-августка чейин карантинге алынып, мал алып кирип-чыгуу токтотулду. Бул тууралуу Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Курбанбек Мияшев билдирди.

Анын айтымында ооруканага түшкөн сегиз киши элге таратылган малды союуга катышкан. Ал эми союлган уйдун этин 288 киши жеген.

«Азыр так аныктала элек, шек менен гана ооруканага жатышты. Союшту башка жактан алып келип элге таратышкан. Папан боюнча биринчи ирет катталып жатат. Бүт баары зыянсыздандырылды. Ар бир адам өз дарысын ичип, ийнесин алды. Малга да ийне сайылды. Башка жактан мал алынып келинбеши үчүн ошол айылга карантин жарыяладык», - деди Мияшев.

Ош облустук ветеринардык инспекциясынын маалыматына караганда текшерүүнүн жыйынтыгы чыга элек. Ооруканага түшкөндөрдүн абалы жакшы.

Күйдүргү - кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл. (DU)

Ош: күйдүргү чыккан айыл карантинге алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

XS
SM
MD
LG