Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:14

Арменияда мектептер 15-сентябрда ачылат


Еревандагы коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган бейтапканалардын бири. 27-май, 2020-жыл.
Еревандагы коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган бейтапканалардын бири. 27-май, 2020-жыл.

Арменияда март айынан бери жабык турган мектептер 15-сентябрда ачылат. Бул тууралуу Армениянын билим берүү министри Араик Арутюнян билдирди. Анын айтымында, мындай чечим коронавируска каршы күрөштү тескеген өкмөттүк жетекчилердин макулдугу менен кабыл алынды.

Ага ылайык, 15-сентябрдан тартып кесиптик коллеждер, музыкалык мектептер окуучуларды кабыл ала баштайт. Бирок жогорку окуу жайларынын иши качан жанданары кийинки аптада белгилүү болмокчу.

Министр Арутюнян коронавирустун жаңы очокторунун алдын алыш үчүн мектеп мугалимдери, ата-энелер жана окуучулар чогуу иш алып барышы керек экенин кошумчалады.

Арменияда COVID-19га байланыштуу өзгөчө абал 12-августта аяктайт. Бирок өкмөт мындай режимди дагы бир айга узартууну пландап жатат.

Өлкөдө эпидемия башталгандан бери 40 миңден ашуун адам коронавирус жузугуп алды. Алардын 800дөйү көз жумду.

XS
SM
MD
LG