Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

Тажикстандын транспорт министри өз өмүрүнө кол салды


Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода. 15-февраль, 2018-жыл.

Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бирок жакындары аны аман сактап калып, ооруканага жеткиришти.

Башкы прокуратура окуя 11-август күнү эртең менен үй-бүлөлүк чырдан улам болгонун билдирди. Маалыматта 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода өзүнө бычак менен кол салганы айтылат.

Уруш чыккан маалда аялы жана башка үй-бүлө мүчөлөрү үйдө болгон жана алар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Ушул тапта министр «Истиклол» ооруканасында дарыланып жатат. Ага операция жасалганы, абалы канааттандырарлык экени белгилүү болду.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Худоёр Худоёрзода Тажикстандын транспорт министрлигин 2017-жылдан бери жетектеп келет.

XS
SM
MD
LG