Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Беларуста Тихановскаянын эки башка видеосу тарады


Тихановская Минскиде добуш берип жаткан учур. 9-август, 2020-жыл.
Тихановская Минскиде добуш берип жаткан учур. 9-август, 2020-жыл.

Беларустан Литвага чыгып кеткен президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын эки башка мазмундагы видеосу 11-августта Интернетке жарыяланды. TUT.BY эркин басылмасы тараткан эки мүнөткө жетпеген биринчи видеодо Тихановская өтө оор чечим кабыл алганын айткан.

«Мен билем, көп адамдар мени түшүнүшөт, көбү сындашат, көбү жек көрүшөт. Бирок билесиздерби, мен туш болгон тандоону кудай башка салгылык кылбасын», - деп айткан ал видеодо Тихановская.

Андан көп өтпөй Орусиядагы «МБХ Медиа» жана Беларустагы өкмөтчүл «Жёлтые сливы» аттуу «Телеграм» каналдары Тихановскаянын 37 секунддук экинчи видеосун жарыялашты. Анда Тихановская: «Мен силерди полицияга каршы чыкпоого чакырам. Аянтка барбагыла», - деген сөздөрдү баракка жазылган тексттен окуп берген.

Азырынча эки видео качан, кайда тартылган так белгисиз. Бирок Тихановскаянын экинчи видеодо окуп берген сөздөрүн «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги жарыялады. Социалдык тармактардын бир катар колдонуучулары бийлик экинчи видеону Тихановскаяны коркутуу жолу менен жаздырганын белгилеп жатышат.

Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган Тихановскаянын күйөөсү Сергей Тихановский учурда камакта отурат.

Беларустун БШКсы өлкөнү 26 жылдан бери башкарган Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодо добуштардын 80,2%, Тихановская 10% жакынын алганын билдирген. 10-августтун кечинде Минск баштаган бир нече шаарларда шайлоонун мындай жыйынтыгына нааразылык билдирген адамдар кайрадан көчөгө чыгышты. Түндө баш калаада милиция менен кагылышууда бир адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG