Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Ош шаарында эки киши сууга чөгүп каза болду


Иллюстрациялык сүрөт. Араван районундагы каналдардын бири.
Иллюстрациялык сүрөт. Араван районундагы каналдардын бири.

Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунда Жекелик (Яккалик) каналына 10-август күнү 60-61 жаштагы эки киши бири-бирин куткарам деп жатып чөгүп кеткен. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Табакалов билдирди.

Анын айтымында, баштапкы маалыматтарга караганда кишилер спирт ичимдигин ичип, каналдын жанында эс алып жаткан учурда бирөө сууга түшүп, экинчиси аны куткарууга аракет кылган.

Алардын сөөгү ошол эле күнү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Туугандары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Окуя «Кокустук» беренеси менен катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Ош шаарынан аймагында 2020-жылдын январь айынан бери сегиз киши сууга чөгүп каза тапкан. Алардын төртөө балдар, төртөө чоң кишилер. (DU)

XS
SM
MD
LG