Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:44

Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу аймактарда мектептер иштейт


Жаңы окуу жылына даярдык. Арча-Булак орто мектеби. Алай району. Август, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясынын шартында жаңы окуу жылында окутуу системасынын варианттары иштелип чыкты. Аны Билим берүү жана илим министрлигине караштуу эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп чыкты. Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын 11-августта маалымдаганына караганда, жалпы билим берүү мекемелеринде окутуу форматы бир катар чечимдердин негизинде аныкталмакчы.

«Санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жана жергиликтүү бийлик тарабынан кабыл алынган чечим. Ошондой эле ата-энелерге окутуу форматын тандоо укугу берилет, мектеп жана ата-энелердин түзгѳн келишиминин негизинде», - деди ал.

Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, коопсуз аймактарда же «жашыл зоналарда» мектептин менчигине, тибине карабай 1-11-класстарды окутуу салттуу түрдѳ жүргүзүлөт. Окуучулардын саны абдан аз болсо, нѳѳмѳт класстар ачылышы мүмкүн.

Кырдаал туруксуз аймактарда окутуу салттуу-дистанттык аралаш форматта жүрөт. Анда 1-5-9-11-класстар гана салттуу форматта окутулат. Класстардагы окуучулардын санына жараша топторго бѳлүнүп, ийкемдүү жадыбалга ылайык окушат. Мисалы, 1-топ дүйшѳмбү, шаршемби күндѳрү, 2-топ шейшемби, бейшемби күндѳрү мектепке келишет. Мугалимдер окуу программасы боюнча жаңы материалды түшүндүрүп, окуучулардын кабыл алуусун ѳнүктүрүүгѳ багытталган тапшырмаларды берет. Жума күндѳрү мугалимдер окуучулар менен кайра байланышка чыгышат жана сабакка даярданышат.

Мындан тышкары аралыкты сактоо максатында ар бир класс үчүн сабактардын жадыбалы ѳзүнчѳ түзүлѳт: 1-5-класстар 1-нөөмөттө, 9-11-класстар 2-нөөмөттө окушат.

Ал эми эпидемиялогиялык кырдаал турукташканча 2-3-4-6-7-8-10-класстарда окутуу дистанттык түрдѳ жүргүзүлмѳкчү. Ошол эле учурда окуучулардын саны анча кѳп эмес мектептерде 2-класстарды да салттуу форматта окутуу маселеси каралып жатат. Айрым предметтер социалдык аралыкты жана башка санитардык талаптарды сактоо менен таза абада ѳткѳрүлүшү мүмкүн.

Эпидемиологиялык кырдаал курч аймактарда же «кызыл зонада» санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жана жергиликтүү бийликтин корутундуларынын негизинде 1-11-класстарда окутуу аралыктан жүргүзүлѳт. Мында телеканалдарда көрсөтүлгөн видеосабактар пайдаланылат жана мугалимдер онлайн сабактарды өткөрүп, окуучулар менен кайра байланышты уюштурушат.

Надира Жусупбекованын маалыматына караганда, акыркы чечим 14-августта өкмөттүн жыйынында кабыл алынат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу март айынан тартып мектептер жана башка билим берүү мекемелеринде окуу дистанттык форматта жүргүзүлгөн. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG