Узакка созулган оорудан кийин, 83 жашында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.
Жамал Ташыбекова 1980-1986 –жылдары министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Эгемендик жылдары Үй-бүлө, аялдар жана жаштар комиссиясынын төрайымы, Аялдар федерациясынын жетекчиси болуп турган.
Бир катар эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. (ZKo)