Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Президент Сооронбай Жээнбеков Ошко барды


Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда. 3-август, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда. 3-август, 2020-жыл.

Мамлекет башчы Ош аймагына 11-августта кечке жуук барганы кабарланды. Бирок президенттин сапарынын максаты азырынча белгисиз.

Президенттик аппарат, жергиликтүү басма сөз катчылары мамлекет башчынын сапары тууралуу маалымат бере элек. Айрым маалымат булактарында президент Сооронбай Жээнбеков Оштон кийин Баткен облусуна бара турганы айтылууда.

Мамлекет башчы Ош облусуна июнь окуясынын 10 жылдыгын утурлай, 10-июнда келип кеткен.

Өткөн аптада өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматын тапшырган. Ал кызматтан алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кеткенин билдирген. Жылкыбаевдин ордуна өкмөт өкүлүнүн милдетин аткаруучу болуп анын биринчи орун басары Байыш Юсупов дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG