Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Бишкек: коомдук транспорттун айдоочуларына 370 миң сом айып салынды


Жүргүнчүлөрдү ташып жүргөн маршруттук транспорт.
Жүргүнчүлөрдү ташып жүргөн маршруттук транспорт.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын адистери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери шаарда эл ташыган коомдук транспортту текшерип жатат.

Мэриянын басма сөз кызматы коронавирус илдетине байланыштуу автоунаалардын ичинде санитайзерлер коюлуп, санитардык тазалык жана аралык сакталышы керек экенин билдирди.

1-июндан бери 2 632 маршрутка, автобус жана троллейбус текшерилди. Анын ичинен 217 транспорт каражатында санитардык талаптар сакталбаганы үчүн айдоочуларына 370 500 сом айыппул салынды.

Бишкекте коомдук транспорт саат 07:00дөн 11:00гө чейин, түштөн кийин 14:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Автобустарга, троллейбустарга жана кичи автобустарга ар бир каттам сайын салонду дезинфекциялап, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө беткап жана медициналык мээлей кийүү милдеттендирилген. Дем алыш күндөрү коомдук транспорт жүрбөйт.

Санитардык эрежелерди сактабагандар айыпка жыгылат. (BTo)

XS
SM
MD
LG