Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Бобомурод Абдуллаевдин адвокаты аны менен жолуга албай жатканын айтты


Өзбекстандык журналист Бобомурад Абдуллаев.
Өзбекстандык журналист Бобомурад Абдуллаев.

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаты Тимур Карабаев 12-августта анын коргоосундагы адам менен жолугуш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына кире албай жатканын билдирди.

Ал Абдуллаев менен жолугуп, аны мындан ары жактоо боюнча тиешелүү документтерге кол койдурушу керек экенин, бирок атайын кызматка аны киргизбей жатышканын кабарлады.

«Бизге кечээ эле 12-августта жолуксак болорун айтышкан. Бүгүн болсо Абдуллаев 14 күндүк карантинге алынганын билдирип жолуктурбай жатышат. Адатта тергөө изоляторуна кирген адам тергөө абагында отурган башка адамдардан бир-эки күнгө обочо кармалат. Бирок адвокат менен жолугушуусуна эч кандай чектөө болбошу керек. Анын үстүнө Абдуллаевдин адвокаттары аны менен 9-августта, кийин сотто бөгөт чарасы каралып жатканда да контакт болгонбуз. Прокуратура 30 күн ичинде Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп берүү же баш тартуу боюнча чечим кабыл алышы керек. Алар бул ишти 30 күнгө чейин созбойт да. Азыр деле чечип коюшу мүмкүн. УКМК Абдуллаев адвокаттардын жардамын албаш үчүн ушунун баарын атайын уюштуруп жатат», - деди Тимур Карабаев.

Ал УКМКнын кызматкерлерине документтерди берип Бобомурод Абдуллаевге кол койдуруп чыгууну сунуш кылганын, бирок алар баш тартканын кошумчалады.

Атайын кызмат өзбекстандык журналисттин адвокаттарын УКМКга эмнеге киргизбей жатканы тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстандын УКМКсынын кызматкерлери өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-августта аны 8-сентябрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалат.

Адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

Абдуллаев 10-августта сотко жеткирилген учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Бобомурод Абдуллаевди атайын кызмат 2017-жылы 27-сентябрда «Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен Ташкентте кармаган. 2018-жылы май айында Ташкент шаардык соту аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Көп өтпөй журналист артынан аңдуу жүрүп жатканын социалдык тармактардагы баракчасында билдирген.

Бобомурод Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Американын Борбор Азиядагы университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган. (BTo)

XS
SM
MD
LG