Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

ЖАМК: былтыр абактагы ишканалардан 192 млн. сом киреше түштү


№16 түзөтүү колониясындагы кирпич заводу. Архивдик сүрөт.
№16 түзөтүү колониясындагы кирпич заводу. Архивдик сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) карамагында ушул тапта наабайканалар, тигүү цехтери, бал өндүрүүчү, балык өстүрүүчү, бодо мал багуучу, кирпич жана төшөлгө чыгаруучу баш-аягы 14 өндүрүш аймагы бар.

Аларда абакта жазасын өтөп жаткандар иштейт. Былтыр бул ишканалардан 192 миллион сом киреше түшкөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

ЖАМК 11 түзөтүү колониясын, бир билим берүү колониясын, алты тергөө изоляторун, 19 жатак абагын көзөмөлдөйт. Мекемедеги алты кесиптик окуу жайында 22 кесип боюнча курстар түзүлгөн. Анда 1700дөн ашык соттолгон адам билим алууда.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500 ашык соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде. (BTo)

XS
SM
MD
LG