Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы наааразылык акциялары үчүнчү түн катары менен уланды. Бийлик 11-августтун кечинде баш калаа Минскиде иш жүзүндө коменданттык саат киргизгенин «Азаттыктын» Беларус кызматынын кабарчылары билдиришти. Шаарда күч кызматкерлери акцияга чогулууну көздөгөн адамдарды гана эмес, айрым автоунааларды токтотуп, алардын айдоочуларын да кармап кетип жатышты.
Айрым райондордо милиция чогулгандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, желим ок жана кулакты тундуруучу граната колдонду. Беларустун башка шаарларында да полиция менен шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирген демонстранттар кагылышканы маалым болду. Бирок түндө бир күн мурдагыга салыштырмалуу кыйла аз адам көчөгө чыкты.
Беларус милициясынын маалыматына ылайык, өлкө аймактарында үч күндүк акцияларда кармалган адамдардын саны беш миңден ашты. 200дөн ашуун киши жараат алып, бир адам мерт болду.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоону президент Александр Лукашенко 80,2% көрсөткүч менен жеңгенин жарыялаган. Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% жакын добуш топтогону маалымдалган. Шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныбаган Тихановская Литвага чыгып кеткени белгилүү болду.