Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнөдөн кайтты


Гүлсайра Момунова.
Гүлсайра Момунова.

Кыргыз адабияты жана маданияты оор жоготууга учурады. Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова 12-августта 83 жашында бөйрөгү ооруп каза болду. Бул туралуу он жылдан бери чогуу иштешип келген үзөңгүлөш сиңдиси акын Бурулкан Карагулова «Азаттыкка» билдирди:

«Гүлсайра эже коронавирус менен ооруп дарыланган. Ооруканадан чыкканына төрт гана күн болгон. Температурасы такыр түшпөй койду. Дарыгерлер үйүнө келип карап жатты. Бөйрөгү көтөрө албай калды».

Гүлсайра Момунова Ленинполь районуна караштуу Кең-Арал айылында 1937-жылы 30-декабрда туулган. 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973-1993-жылдары «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары болуп эмгектенген. Маркумдун артында элге жасаган эмгектери жана уул-кыздары калды.

Акындын биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Гүлсайра Момунованын ырлары украин, казак, өзбек, түркмөн, азербайжан, болгар тилдерине которулган.

Анын «Боз үй», «Сөз» деген дастандары, «Ала-тоо айымы» поэмасы мыкты чеберчиликте жазылганы менен окурмандар жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Гүлсайра Момунова калемдештеринин арасында ода жанрынын, арноо ырларынын чебери катары белгилүү. Анын көптөгөн ырларына классик композиторлор, обончулар обон жараткан.

Момунованын мекен алдындагы эмгеги жана жаркын таланты жогору бааланып, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» ордени, «Даӊк» медалы менен сыйланган. Ал Алыкул Осмонов, Түгөлбай ата, Аалы Токомбаев, Жамбыл Жабаев атындагы адабий сыйлыктардын ээси.

Маркумдун сөөгү 13-августта «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. (MSd)

XS
SM
MD
LG