Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

Финансы полициясы: Токмокто тергөөчү пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаарынын ички иштер органынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү (К.И) 11-августта 30 миң сом пара менен кармалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) ал Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен бирге өткөрүлгөн иш-чарада колго түшкөнүн билдирди.

Финансы полициясынын маалыматы боюнча, тергөөчү кылмыш ишин токтотуш үчүн пара талап кылган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси менен катталды. Сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG