Кызыл-Кыя шаарында «Cool bros» тигүү фабрикасы айына 500 миңге чейин буюм өндүрүп чыгарат. Учурда фабрикада 350 киши иштейт, келечекте иш ордун 500гө чейин көбөйтүү максаты бар. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Сүймөнкул Жолдубаев президент Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусундагы жумуш сапарында билдирди. Анын айтымында, өндүрүлгөн кийим-кече жана башка буюмдар негизинен Орусияга экспорттолот.
Азыркы эпидемиологиялык кырдаалда фабрика элге жана медициналык кызматкерлер үчүн коргонуучу кийим-кече менен каражаттарды тигүүдө.
«Cool bros» тигүү фабрикасын 12-августта президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы жумушчу сапарынын алкагында көрүп чыкты. Мамлекет башчы оор кырдаалда ишкерлер четте калбай, пандемия менен күрөшкө салым кошуп жатышканына ыраазычылык билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жумуш сапар менен бүгүн барды. Мамлекет башчы Кызыл-Кыя, Баткен шаарларындагы бир катар өнөр жай, айыл чарба мекемелеринин абалы, санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. (JsA/ZKo)