Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Минскиде нааразылык акциялары төртүнчү күнү да уланды


Минскидеги каршылык акциясынын катышуучулары. 12-август. 2020-жыл.
Минскидеги каршылык акциясынын катышуучулары. 12-август. 2020-жыл.

9-августта кечинде башталган нааразылык акцияларынын катышуучулары бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалады деп эсептешет.

12-август күнү кечке жуук маалымат каражаттары Минскидеги метрополитен коопсуздук максатында бир катар станцияларын жапканын жазып чыгышты. Ага ылайык, «Октябрьская», «Купаловская», «Площадь Ленина», «Площадь Победы» станциялары иштеген жок.

Ошого карабай, башка станцияларда эл чогула баштады. Демонстранттардын бир тобу Якуб Колас аянты менен Жеңиш аянтына жөнөдү. Адамдар гүл, желек көтөрүп баратса, аларга өтүп бараткан автоунаалардын айдоочулары тилектештик билдирип жатышты. Ал эми «Петровщина» метросунун жанына чогулгандар Дзержинск көчөсүн тосушту. Tut.By. агенттиги бул жакка полиция кызматкерлери автозак менен келип, жол тоскондорду кууп таратууга аракет кылганын, бирок чогулгандар тарабай коюшканын жазды.

«Азаттыктын» беларус кызматынын маалыматына караганда, Гомелде 25 жаштагы жергиликтүү тургун ооруканада жан берген. Аны ооруканага автозак менен 9-августта алып барышкан. Маркумдун энеси уулу акцияга эмес, сүйлөшкөн кызына жолугуш үчүн бараткан жерден аны полиция кармап кеткенин журналисттерге айткан.

Каршылык акциялары башталгандан бери полиция аны кууп таратуу аракетинде. Ал үчүн суу бүркүүчү машинелер, желим октор, катуу үн чыгарып жарылуучу, жаш агызчу гранаталар колдонулган. Шаршембиде Беларустун Ички иштер министрлиги Брестте күч түзүмдөрү ок атуучу курал колдонушканын мойнуна алды.

Эл аралык уюмдар, Евробиримдик, АКШнын Мамдепартаменти беларус бийлигинен нааразылык акциясынын катышуучуларына күч колдонбоону, кармалгандарды чыгарууну талап кылууда.

9-августтагы президенттик шайлоодо Беларустун азыркы президенти Александр Лукашенко 80% ашуун добуш менен жеңишке жеткенин БШК маалымдаган. Анын негизги атаандашы Светлана Тихановская 10% жакын добуш топтогону маалымдалган. Шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныбаган Тихановская Литвага чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG