Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Тажикстан: Согдиде коронавируска чалдыккандар көбөйдү


Хожент шаарындагы «Тез жардам» автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Хожент шаарындагы «Тез жардам» автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Согди облусунун бийлиги акыркы бир ай ичинде аймакта коронавирус менен ооругандар кеминде эки эсе көбөйгөнүн билдирди. Коронавируска каршы күрөш боюнча облустук штабдын 12-августтагы жыйынында «буга чейин облустук ооруканага COVID-19 диагнозу менен суткасына бир-эки киши кайрылса, азыр 8-9дан кайрылып жатканы» айтылды.

3-августта Хожент шаардык акимчилигинин басма сөз кызматы облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү Маъруф Хожибоевге шилтеме кылып, акыркы 10 күндөгү байкоо аймакта коронавирус жана пневмония менен ооругандар көбөйгөнүн көрсөткөнүн билдирген.

Хожибоев 11-августта облустук ооруканада 26 киши карантинде жатканын айтты. 11-августта Согди облустук жана Хожент шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын кызматкерлери акыркы күндөрү коронавирус боюнча шек саналган бейтаптар көп болуп жатканын билдиришти. Бирок бул маалыматты аталган медициналык жайлардын башчылары четке кагышты.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө күнүнө 40тан ашуун кишиден коронавирус аныкталып жатканын билдирүүдө. Бирок мекеменин статистикасында илдеттин аймактарга жайылышы тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча Тажикстанда коронавирус жуккандар 7871 кишиге жетип, 63 бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG