12-август күнү Москва-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 160, ал эми Москва-Ош каттамындагы чартердик учак менен дагы 160 кыргызстандык жаран учуп келди. Алардын арасында жаш балдар, кош бойлуу келиндер, оорукчан жана улгайган адамдар, ошондой эле мекенине чукул кайтууга муктаж болгондор бар.
Мындан тышкары 12-августта Орусиянын Новосибирск облусунан да 185 кыргызстандык Бишкекке кайтарылды. Новосибирск-Бишкек каттамындагы бул чартердик учак менен Орусиядан 200 миң сомдук дары-дармек гуманитардык жардам катары келди. (ZKo)