Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

«Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» парламенттик шайлоого катышпайт


«Кыргызстан коммунисттеринин партиясын» Исхак Масалиев жетектейт. Иллюстрациялык сүрөт.
«Кыргызстан коммунисттеринин партиясын» Исхак Масалиев жетектейт. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине ылайык, «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоого талапкер катары катышпайт. Буга партиянын кайрылуусу негиз болду.

«Кыргызстан коммунисттеринин партиясын» Исхак Масалиев жетектейт. Масалиев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына мандатты «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын атынан алып, мандатын быйыл 21-майда мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Исхак Масалиев алдыдагы шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси аркылуу баратканын жакында аталган партиянын өкүлү маалымдады.

БШКдагы тизмеден дагы эки партия эсебин өз убагында ачпаганы үчүн четтетилгени кабарланууда. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоого катышкысы келерин 44 партия билдирген. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG