Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

Шайлоо 2020: «Мекенчил» партиясы жабык жыйын өткөрдү (видео)


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого бараткан «Мекенчил» саясий партиясы 13-августта кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырды. Бул тууралуу партиянын лидери Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында билдирди.

Пандемия шартына ылайык чакан чөйрө катышкан жабык өткөн иш-чарага журналисттер киргизилген жок.

Ташиев басма сөз жыйынында партиянын шайлоо программасы төрт багыттан турарын билдирип, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бир мандаттуу шайлоо ыкмасын кайтаруу, сот адилеттигин орнотуу, чек ара маселесин жөнгө салуу башкы багыттар экенин белгиледи:

«Чар-жайыт, башаламан, коррупцияга жол ачкан шайлоо системасынан арылып эл менен бийликтин ортосундагы байланышты кайтарабыз. Ал үчүн парламент депутаттарынын санын 120дан 75ке азайтып, бир мандаттуу шайлоо ыкмасын кайра киргизебиз».

«Мекенчил» шайлоого талапкер болууну көздөгөн партиялардын ичинен кезексиз курултайын биринчи өткөргөн партия болуп калды. Курултайда бекитилген шайлоо тизмесине саясатчылар Камчыбек Ташиевден, Курманкул Зулушевден жана Жылдызкан Жолдошевадан башка кимдер киргени белгисиз.

Ташиев «Ата Журтту» таштап, «Мекенчилди» баштап чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Камчыбек Ташиев 2010-жылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен «Ата-Журт» саясий партиясын жетектеген. 2015-жылкы шайлоодо бириккен «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын теңтөрагасы болуп, бирок шайлоо тизмесине кирбей калган.

Бул ирет Камчыбек Ташиев жетектеп бараткан «Мекенчил» саясий партиясы анын саясий өнөктөшү, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери түзгөнү айтылып келатат.

Мыйзам боюнча шайлоого катышкысы келген саясий партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин БШКга бериши керек.

«Ата Мекен» партиясы 15-августта, «Чоң Казат» партиясы 16-августта жыйын өткөрөрү белгилүү. Көпчүлүк партиялардын жыйындары 18-19-августка белгиленген.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого барарын жалпысынан 44 партия билдирген. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы», «Демократ» бул жарышка катышпай турган болду. БШКдагы тизмеден дагы эки партия шайлоо фондун өз убагында ачпаганы үчүн четтетилгени кабарланууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG