Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Макрон Путин жана Роухани менен Ливанды, Беларусту талкуулады


Бейрут порту жарылуудан кийин. Август, 2020-жыл.

12-августта Франциянын президенти Эммануэл Макрон орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, Беларустагы шайлоодон кийинки акциялардын күч менен басылышын жана Бейруттагы жардыруунун кесепеттерин жоюу маселесин талкуулады. Макрон Беларустагы абалга тынчсызданарын айтып, тирешкен тараптардын диалогу үчүн жол табыш керек экенин белгиледи. Бул тууралуу француз президентинин кеңсеси билдирди.

Ошол эле күнү Макрон Ирандын президенти Хасан Роуханини Ливандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды. Тегеран колдогон шииттердин «Хизбалла» уюму Ливандын саясий турмушунда маанилүү роль ойнойт жана таасирдүү күч болуп саналат.

4-августта баш калаанын портунда болгон ири жарылуу нааразылык акцияларына алып келип, апта башында премьер Хасан Диаб жетектеген өкмөт кызматтан кеткен. Жарылуудан 171 киши каза болуп, алты миңдейи жарадар болгон, 300 миңдей тургун үй-жайсыз калды. Талдоочулар апааттын саясий турмушка тийгизиген терс таасири «Хизбалланы» кыйын абалга калтырышы мүмкүн деп эсептешет. Таасирдүү фракциянын аскердик канаты Ливан армиясынан да кубаттуу болуп саналат.

Роухани менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Макрон Ливанда азыркыдай чукул абалда иштей ала турган өкмөттүн келишин колдош керек экенин белгиледи.

Жарылууга портто топтолуп турган химиялык заттар себеп болгон. Кооптуу жүктүн алты жыл бою ал жакта сакталышын катардагы ливандыктар тамыры кеңири жайылган коррупциянын бир көрүнүшү катары сыпаттап жатышат.

Макрон кырсыктан көп өтпөй Бейрутка барганда Ливан элине колдоосун билдирип, кийин эл аралык донорлордун жыйынын уюштурган. Конференцияда 295 миллион доллар жардам бөлүнөрүнө убада берилди.

XS
SM
MD
LG