Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Помпео: Беларустагы окуялардын өлкө эли үчүн жакшы аякташын каалайбыз


Майк Помпео.
Майк Помпео.

Кошмо Штаттар Беларустагы окуялардын өлкө эли үчүн жакшы аякташын каалайт жана ушул позициясынан иш жүргүзөт. Бул тууралуу шаршембиде АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Прагадагы сапарында жүрүп «Эркин Европа / Азаттык» радиосуна билдирди. Помпеонун айтымында, азырынча Вашингтон тиешелүү чараларды иштеп чыга элек, бирок бул багытта Евробиримдиктеги өнөктөштөрү менен чогуу кызматташмакчы.

Мамлекеттик катчы шайлоодон кийинки зомбулукка АКШ көз салганын айтып, жарандардын тынч жыйындарына бийлик андай мамиле кылбашы керек экенин белгиледи. Буга чейин Ак үй Минскини демонстранттарга каршы күч колдонуудан карманууга чакырган. Помпео болсо Беларустагы шайлоонун жүрүшүн айыптаган.

9-августтагы добуш берүүнү расмий маалымат боюнча алтынчы ирет катары менен президент Александр Лукашенко жеңди. Оппозиция добуш саноо бурмаланганын айтып, бир нече күндөн бери нааразылык акциялары тынчыбай келатат.

Помпео Вашингтон менен Минскинин мындан аркы мамилелеринин келечегине, анын ичинде Беларусту америкалык мунай менен камсыз кылуу маселесине да токтолду. Тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Вашингтон ал өлкөдөгү окуяларга кабатыр болгонун жана эркин, калыс шайлоо күткөнүн, шайлоо өнөктүгүнө абдан иренжигенин белгиледи. АКШ мындан аркы кызматташыкта ушул учурларды эске аларын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG