Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Беларуста аялдар кармалгандар менен тилектештик акциясына чыгышты


«Тилектештик чынжыры». Барановичи, 12-август, 2020-жыл.
«Тилектештик чынжыры». Барановичи, 12-август, 2020-жыл.

Минскиде нааразылык акцияларында кармалгандар менен тилектештик ишараты бейшемби күнү эртең менен да уланды. «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлагандай, баш калаада ак кийим кийген аялдар колдоруна ак гүлдөрдү кармап «тилектештик чынжырына» тизилип турушту. Аларга медицина кызматкерлери кошулду. Жолдордогу айдоочулар аларга колдоосун билдиришүүдө.

Мурунку күнү президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгууну талап кылган акциялардын милиция тарабынан аёосуз кууп таркатылышына каршы болгон аялдар Беларустун бир нече шаарында көчөгө чыгышкан. Минскиде 250дөй аял «Бизди сабаганды токтоткула! Биз добуштардын туура саналышын гана каалайбыз» деп ураан чакырышты.

Витебск шаарында 15 аялды, Могилёвдо төрт аялды кармап кетишти. Гомелде тынч акцияга 500дөй киши катышты.

Мамлекет башчы Александр Лукашенконун 9-августтагы шайлоодо жеңишине каршы атайлап уюштурулбаган акциялар ошол эле күнү кечинде башталган. Расмий маалыматка ылайык, Лукашенко добуштардын 80% көбүн алып, анын негизги атаандашы, оппозициянын талапкери Светлана Тихановскаяга 10% тийген. Оппозиция өз алдынча жүргүзгөн санактар тескери жыйынтыкты көргөзгөн.

Бийлик демонстранттарды күч менен кууп таратууда. Милиция суу атма, желим ок, кулак тундурган граната, жаш агызган газ колдонуп келатат. Минскиде жана 20дан ашуун шаарда алты миңден ашуун киши кармалды, бери дегенде 250 киши жабыркады. Расмий маалыматка караганда, бир киши каза болду.

XS
SM
MD
LG