Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

«Ассанабил» фонду жети «Тез жардам» автоунаасын берди


«Ассанабил» фонду берген «Тез жардам» машинелери. 13-август, 2020-жыл.
«Ассанабил» фонду берген «Тез жардам» машинелери. 13-август, 2020-жыл.

Заманбап жана акыркы медициналык технологиялар менен жабдылган жети «Тез жардам» автоунаалары буюртма менен сатып алынган. Алардын экөө портативдүү ИВЛ, дефибриллятор, ЭКГ апараттары менен жабдылып реанимобил стандартына ылайыкташтырылган.

Алар 13-августта Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

«Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду «Ала-Тоо өнүктүрүү» жана «NICE Кыргызстан NAMA» уюму менен бирге буга чейин саламаттык сактоо тармагына төрт ИВЛ аппарат, 10 миң медициналык беткап, эки миң респиратордук беткап, 100 миң мээлей берген.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери, өзгөчө оору күчөгөн июль айында «Тез жардам» автоунааларынын жетишсиздигинен дарыгерлер бейтаптарга жетишпей кыйналды. Айрым ыктыярчылар 24 саат бою тез жардамдын кызматын аткарып, абалы оорлошкон бейтаптарды үйүн кыдырып жүрүштү. (BTo)

XS
SM
MD
LG